Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанга барат

04.08.2021 09:40
800
Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанга барат


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.


Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.


Президент Садыр Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн