Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 12:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров Айыл чарба министрин кабыл алып, бир катар тапшырмаларды койду

07.03.2023 15:30
261
Садыр Жапаров Айыл чарба министрин кабыл алып, бир катар тапшырмаларды койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчыга министрликтин учурдагы иштери жана кезектеги жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди. 


Аскарбек Жаныбековдун отчету боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга ашык болду. 


Дыйкандарга сертификацияланган үрөндөрдү таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылган. 


Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы топтолуп, дыйкандарга арзандатылган баада сатылууда. Лизингге берилчү айыл чарба техникасынын санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Сугат каналдарын тазалоо жана оңдоо боюнча ирригациялык иштер башталды, анын эсебинен нымдын королушун азайтуу жана ошого жараша сугат талааларын сугаруунун көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда. 


Деградацияга учураган тоолуу жайыттарды калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар белгиленген. Мындан тышкары, Жер жана Суу кодекстерин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу активдүү жүрүп жатат. 


Айыл чарба министри ошондой эле ата мекендик агропродукциясын экспорттоо көлөмү көбөйүп, тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырганын белгиледи. 


Президент Садыр Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана калкты жеткиликтүү продукция менен камсыздоодо агро өнөр жай комплексинин ролу чоң экенин белгиледи, ошого байланыштуу аны өнүктүрүүгө мамлекет чоң жардам көрсөтүп жатат. 


Мамлекет башчысы жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, буга байланыштуу дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү даректүү насыялар менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 


Президент Садыр Жапаров насыялар дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө дайындуу жетиши, ошол эле учурда акча каражаттарын башка максаттарга берүү сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтып, министрге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн