Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен келди

05.08.2021 18:17
793
Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен келди


 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, иш сапары менен Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна келип конуп, аны траптан Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алды.


Эл аралык аба майданында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.


Эске салсак, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат жана мүчө-мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн