Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди (делегациянын курамы)

18.09.2023 13:31
264
Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди (делегациянын курамы)


Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
- Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн