Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

02.02.2021 14:32
13064
Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров учурдагы жаңы өкмөттүн куралып жатышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Өлкө башчысынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. "Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир.


Экинчиси, кадр саясаты боюнча, "бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот. 


Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.


Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары "бөдөнөнү сойсо да касапчы соёт". Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. Бул үч.


Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.


Ар бир чечимди "жети өлчөп, бир кесип жатабыз".


Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли".

Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
ММА
Кыскарткан туура Эл каалаган кандидаттарды койгула ошолор иштей албаса анда чимкириктер оздору коюшат
Ашимова
Койгулачы Марипов деген фамилия- высшей коррупционер деген эле. Коррупция деген атын озгортуп Марипов деп койсо эле тушунот да.
Алиев Адилет
Жети өлчөп бир кес демекчи
Улан Нышанбаев
Революцияны качан сиз кылдыныз эле? Аны эл биз таза шайлоо болсун Соке тварь кетсин деп кылганбыз сиз биздин революцияны уурдап алдыныз
Сезим Самидинова
Мен революция кылдым деген жок создун торкунун тушунуп анан жазыш керек
Кубан Байсеркеев
Кызкарткан туура.