Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

02.02.2021 14:32
13065
Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров учурдагы жаңы өкмөттүн куралып жатышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Өлкө башчысынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. "Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир.


Экинчиси, кадр саясаты боюнча, "бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот. 


Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.


Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары "бөдөнөнү сойсо да касапчы соёт". Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. Бул үч.


Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.


Ар бир чечимди "жети өлчөп, бир кесип жатабыз".


Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли".

Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Бек
Туптуура мен колдойм Садыр брат вперёд ????????????????????????????????????????
Кайдыгер эмесмин.
Ошондо революция жасагандар "вы никто " деген турасызго дейм. Бул туура эмес созунуз.
Айнура
Бойроктон шыйрак чыгарган эме экенсинер, го. Эмне сага кайсы министрликти бериш керек, революция кылды деп. Адис болуш керек ошо менен олкого сплым кошобуз.
Белек
Өкүнүчтүү Башка жолго түшүп кеттик Пм татыктуу инсан калбай калгансып.
Рыскелдиев Жакшылык
Марипов кереги жок. Тилек ордунда калсын, Эльвира эженин орду кыскарса да, Бир орун беришинер керек. Эл буларды колдоп чыкпады беле. Сиз бийлик элдики дегенди унутуп калдыныз окшойт.
Калиев Токтобек
урматтуу Садыр Нургожоевич министирликтерди кыскартып жатканыныз жакшы колдойбуз .Бирок Мариповдор жетимди кул кылып жургону чындык экен да жетимдин эмгегин деген кишиге кудайдын каары тушот дейт Мариповдон башка деле кучту кадырлар барда сиз бардык жагына озунуз карап сунуштасаныз боло элек жатып кандай жаман создор айтылып атат артынан Эл Тараза Эл сынчы Мариповдун арты жакшы болбойт деп ойлойм окмотун курамы да жакшы эмес менин жеке ойум .элдин пикири Мариповко туура болбой атат оордуна башка кучтуу Кадыр тандасаныз деген пикир .
Гули Назар
Сурабалдиева жана Новиков менен Максат булар жакшы иштеп жаткан кетпесин булар