Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

02.02.2021 14:32
13063
Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров учурдагы жаңы өкмөттүн куралып жатышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Өлкө башчысынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. "Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир.


Экинчиси, кадр саясаты боюнча, "бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот. 


Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.


Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары "бөдөнөнү сойсо да касапчы соёт". Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. Бул үч.


Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.


Ар бир чечимди "жети өлчөп, бир кесип жатабыз".


Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли".

Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Исакова Кундузхан
Призенттикке талапкер болгон жарандардын арасында кучтуу инсандар бар,алардын да билимин,тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек!
Кызылбекова Калыйкан
Марипов тон башка татыктуу кадр жок бекен, башка планетадан издебей эле Новиков ту калдырып коюш керек.
Сагынбай. Алиев
Жолуңуз болсундан башка сөз жок!
ernic
Тилек менее Эльвира ачка калбай башка орун бергидей аларга.П.м жоюлат 3 ай иштеп
Кыялбек
Зб экенсинер. онго Басса онго Басты,солго Басса солго Басты дейсинер,