Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

02.02.2021 14:32
13066
Садыр Жапаров өкмөткө байланыштуу чукул кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров учурдагы жаңы өкмөттүн куралып жатышына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Өлкө башчысынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Биз өлкөбүз оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун деп революция кылганбыз. "Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын" деген түшүнүктөн алыс бололу. Бул бир.


Экинчиси, кадр саясаты боюнча, "бул Акаевчи болчу, бул Бакиевчи болчу, бул Атамбаевчи же Жээнбековчу болчу" деген эски түшүнүктөрдү токтотолу. Минтип олтурсак, анда өлкөбүздүн ичинен бир дагы татыктуу кадр таппайбыз. Башка планетадан издешибиз керек болот. 


Үчүнчүсү, баланча министрликке Садыр Жапаровго душман болуп жүргөн, аны камаганга салым кошкон кадр бара жатат деп сындагандарга айтаарым, азыр биз душмандаша же туугандаша турган мезгил эмес. Эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчүн өткөн-кеткенди унуталы. Сабырдуу бололу. Кудай сабырдуулар тарапта.


Ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз. Мындан ары "бөдөнөнү сойсо да касапчы соёт". Эгерде мурдагыдай көндүм адатын жасап, уурдай баштагандар болсо, дароо камалышат. Бул үч.


Төртүнчү, бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министерликтер, комитеттер, агенттиктер жана башка ведомстволор бар экен. Кимге кызмат жетпей калса эле министрлик ачып бере беришкен. Элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп олтурушат. Таблицадан көрүп турганыңардай, ошонун баарын кыскартып, 12 эле министрлик калтырдык. Бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо 12 министрлик да көптүк кылат. Бирок азырынча ушундай кылдык.


Ар бир чечимди "жети өлчөп, бир кесип жатабыз".


Бир революционердин кызыкчылыгын көздөп, алты жарым миллион элдин кызыкчылыгын тебелебейли".

Пикирлер (23)

Коопсуздук коду
Жамила
Айыл жерлердеги муниципиалдык иште иштегендердин да айлыгын жогорулатсаныз жакшы болот эле
Динара Жумаева
7 областка 7 депутат жетет. Таза иштегендер калсын. Эскилер ди кетириниз.
Дилфуза Абдувахапова
Ассалам алекум урматуу Садыр Нургожоевич! Депутатарды дагы ,губернатор,спикер деген штатдарды дагы кискартуу керек. Алар хеч теке решать килишган жок Киргызтан учун.12 министрдагы кооп кичине Киргыз эли учун.
Нарын
. Артём ордуна койуп койсо жакшы иштеп жатты эле
Жениш Аманов.
Депутаттардын санын дагы кыскартсаныз. 90 аябай копго