Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Садыр Жапаров жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

30.05.2024 15:09
240
Садыр Жапаров жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды


Президент Садыр Жапаров өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын айтты.

"Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда.

Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар.

Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)", - деп жазды өлкө башчы.

Жапаров белгилегендей, иш боюнча суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.

Телефон аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин (ишемби, жекшемби – дем алуу күндөрү).

Байланыш телефону: 1899

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн