Сокулук районунда 24 жаштагы таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы.
2020-жылдын 12-мартында ички иштер
органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы
тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул боюнча Сокулук РИИБнин ыкчам тергөө тобу
Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, кароо жүргүзүү учурунда киши
колдуу болуп каза болгондугу маалым болгон.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги жана Бишкек шаарында такси айдап жүргөнү маалым болгон. Буга чейин Бишкек шаарынан Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан табылган автоунаа каза болгон жаранга тиешелүү экенидиги аныкталган.
ИИМдин, Чүй облустук ИИББинин жана Сокулук райондук ИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы киши өлтүрүүгө шектелип, 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б. жана 31 жаштагы П.Ж. аттуу жарандар кармалышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай шектүүлөрдүн экөөсү Талас облусунда качып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, каза болгон жаран менен шектүүлөрдүн биринин ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн