Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга тендер жарыяланды

21.01.2024 10:51
833
Соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга тендер жарыяланды


Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга конкурс жарыялады. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.


Мекеме 3 миллион 979,5 миң сомго 300 билерик сатып алууну пландап жатат. Ал смарт-сааттарга окшош колго тагыла турган, кара түстө болушу керек деген талап коюлган. Ичине чаң, суу кирбей, программалык камсыздоосун сырттан бирөө талкалабай тургандай болушу зарыл. Билерик белгиленген чек арадан чыккан учурда сигнал берүүгө, реалдуу убакытты жана каякка барып келгени тууралуу тарыхчасын көрсөтүүгө ылайыкталышы шарт. Электр тогу менен кубатталат, ага кошумча, Power bank да алуу каралган.


Сынакка катышууну каалаган тараптар 5-февралга чейин табыштама жөнөтүшү керек.


Белгилей кетсек, электрондук билериктер экономикалык иштер менен кармалган, пробациялык мөөнөт берилген жарандарга колдонулат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн