Сүлүкту шаарындагы көмүр кенинде шахта кулап, 20 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 8-июнда кечки саат 18:00дөр чамасында орун алган. Кырсыктан 2001-жылы туулган бала каза болуп, 1985-жылы туулган жаран жаракат алган. Анын абалы орточо оор деп бааланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн