Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

18.09.2023 09:06
414
Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту


Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта коло медаль утту.


Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешип, алгач азербайжандык балбанды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.


Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген.


Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.


Бул – дүйнөлүк чемпионаттагы кыргыз курама командасынын биринчи медалы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн