Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Өмүрбек Текебаев: Бакиев элди алдап кеткен

07.04.2020 17:54
4609
Өмүрбек Текебаев: Бакиев элди алдап кеткен

Мен ар дайым 2005-жылдагы Март революциясы жана 2010-жылдагы Апрель революциясындагы тарыхый окуяларды үй-бүлөлүк башкарууга, түбөлүк түшпөс хан бийлигин орнотобуз деген мурдагы президенттердин саясий аракеттерин уратууга элдин эрки менен жасалган революция катары эсептейм, деп билдирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Өмүрбек Текебаев “Медиа центр” агенттигине Апрель окуясынын 10 жылдыгын эскерип жатып.

Ал белгилегендей, 2005-жылы элдин эрки менен Аскар Акаевдин кландык башкаруусу урап, К.Бакиевдин бийлиги орноду. Бирок Бакиев тилекке каршы элди алдап кетти. Анткени, анын элдик реформаны өткөрүү менен чыныгы демократиялык бийлик түзүлөт деген убадасы аткарылган жок. "Тескерисинче, үй-бүлөлүк режимди орнотту, өзүнүн жеке кызыкчылыгына баш ийдирүүгө аракет жасады. Мындан улам ондогон адамдар реформалардын аткарылышын талап кылып чыгышты. Ошондой эле алданган кайран эл Бакиевдердин тарыхый чечкинсиз кадамдарын эске алып, аны да бийликтен алууга бел байлашты, түбөлүк бийлик орнотууга жол бербейбиз деген бир топ азаматтардын өмүрлөрү кыйылды”, - деди Ө.Текебаев.

Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында, 2010-жылы ушундай кырдаалда Орто Азияда биринчи жолу президенттер алмашты. Парламенттик шайлоодо бийлик түшпөс хан эмес, элдик башкаруу болот деген элдин пикири орундалды.

Апрель революциясы негизги маселеде чоң жетишкендиктерге жетишти деп ойлойм. Албетте, ар ким ар кандай максаттарды койгон. Бирок 2010-жылда орундалган максаттарды трансформациялоодо тилекке каршы Алмазбек Атамбаев убадасын аткарган жок. Ал эски бийликти калыбына келтирди”, - дейт саясатчы.  

“Саясий максаттарды трансформациялоо 2005-жылга караганда 2010-жылы албетте ишке ашырылды десек болот. Себеби, Убактылуу өкмөт келип, өзү белгилеген парламенттик шайлоо өттү. Бирок ошол учурда алардын бири да бийликке келген эмес, элдин тандоосу менен парламентке оппозициялык маанайдагы партиялар келген”, - деп кошумчалады экс-депутат.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Адам.
Алдамчылыктын туу чокусу партиялык тизме боюнча шайлоо системасы болду. Натыйжада парламент бир ууч капчыктуулардын кызыкчылыктарын тейлеп , жарандардын үмүтүн тебеледи. Өлкөнү карызга батырды.
Айбек
Текебаевге асылбагыла Бакиевдин шакалдары!
Медет
Текебаев куу итко Накта шакал
Омар
Текебаевтин шакалы 86 баланын олумуно кимдер кунолуу экенин билесинби
Айбек
Бакиев! Бакиев жана да Бакиев!
Кербен Куба
Ой бети жок. Элди алдаган силерсинер. 86 адамдын канын токконда силерсинер. Уялбайсызбы Омуке...
Алыбек
Беттуулор кайра-кайра акчалуулардын пулуна сатылып эчки болсо да оз корообуздан теке салабыз деп отуруп анга айдалып баратканыбызды андабай дагы деле эмки шайлоодо канчадан беришет экендеп шыпшынып олтурганынарды жашырымыш болуп олгондордун арбагын жону жок козгоп дале болсо бийликтегилерди актайсынар Кыргыз болгондон кийин арбак урат дегенден коркуш керек Манкурттуктан алыс болууга чакырам.
Эрмек
Текебаев ото кучтуу саясатчы бирок, Кыргызстандын карызга батып,алдер партия партия болуп болунуп, миграция кучоп,экономикабыз нольго тушушуно эн чон себепкер ушул киши. Бул эрдмктери учун ыраазычылык билдирип койойлу! Тагыраак айтканда Текебаевдин эрдиктери: 1) 2010-жылы элди алдап тонкорулуш жасаганга аралашкан, 2) жуздой бекуноо жараандарды каза болшуно тиешеси бар, 3) Кыргызстанды парламенттик башкарууга откоруп азыркы башчысы жок олкого айландырды!
Ermek
Теска, биз Текебаев жазган конституцияны кабыл алып, бирок аны менен жашабай, Атамбаевдин понятиеси менен жашап жатпайбызбы. 2010 жылы Ата-Журт партиясы утуп келбегенде, Келдибеков эмес Текебаев спикер болгондо элдин жашоосу жакшы жагына озгормок. Парламенттик система жакшы жактарын корсотмок. Кийинки парламентке чимкириктер келип, парламенттин ашмалтайын чыгармак эмес. Соке бийликке келмек эмес, Атамбаев камалмак эмес. Азыркы абалга Текебаев алып келген жок, тескерисинче ушул абал болбосун деп курошуп келди, бирок куроштон утулуп калды.
Гоша
Эн туура, турмодо чириш керек болчу.
Парпи, Ош
Чиркешовичтин жылдызы эми жанат. Келечекте мамлекет башына келет. Буга толук ишенем.