Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Текебаевдин ишин караган прокурорлор мыйзамдык жазаларын алышы керек болчу, - Турсунбек Акун

14.04.2021 14:32
1972
Текебаевдин ишин караган прокурорлор мыйзамдык жазаларын алышы керек болчу, - Турсунбек Акун


Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышы боюнча сот туура чечим чыгарды. Мындай пикирди мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновго катара сот эркин жана акыйкат чечим чыгарды.

Үй камагына чыгарылса да Курсан Асановдун абактан бошотулушу - азыркы бийликтин соттордун ишине кийлигишпей, көрсөтмө жасабай тургандыгынан кабар берет. Мен Текебаевди жактап жаткан жерим жок, “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей акыйкат чечим болду”, - деди Турсунбек Акун.

Ошондой эле ал Текебаевдин моралдык компенсация алуудан баш тартуусун эл алдындагы абройлуу жана чоң калибрдеги саясатчы үчүн туура кадам, деп баалады.

“Негизи Текебаевди камакка алуу тууралуу буйрутма берген дагы, аны аткарган прокурорлор дагы өзүнүн мыйзамдык жоопкерчилиги үчүн жазаларын алууга тийиш болчу. Азыр Текебаев 4 млн сом төлөтүп алуудан баш тартты. Бирок бул бир эле жолу боло турган иш, башка учурда сөзсүз түрдө мыйзамсыз күнөө койгондор, саясий куугунтук жасагандар сөзсүз жазаларын алышы керек”, - деп кошумчалады укук коргоочу.


Тема боюнча: Текебаев акталды. Эми аны ак жеринен соттогондор жана камагандар жаза алабы?


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов толук акталды




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн