Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз

07.10.2020 15:26
11643
Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз


Биз, жаштар Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев 7-октябрда өкмөт үйүнүн ичинде билдирди. 


Анын айтымында, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев эски саясатчылар. 


"Биз жаңы өкмөт курамын түзөбүз. Буга чейин мен дагы алар улуу, тажрыйбалуу деп ойлочумун. Канча министрлик менен иштештим. Алардын деңгээлин көрдүм. Бул жерде биз ишеничтүү адамдар менен өкмөттүн курамын түзөбүз. Чет жерде окуп, билим алып жүргөн жаштарды Кыргызстанга келип, эл үчүн иштөөгө чакырам", - деди Токтогазиев. 


Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг башталган. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылышкан.




Пикирлер (21)

Коопсуздук коду
Асан
Кой иним кыйналып каласын .Бул абдан татаал жумуш өлкөнүн тагдыры.Убара болбой эле кой .Келечек алдыда
РусланБ
Мамлекет сага бадыран эмес.Жоопкерчиликти которуп,жооп бериш кк.Артындагы сыйкырчыларга таянба.Садага чаап кетет.
Ж...К
А мен сени эми коруп атам,сен кимсин тааныбагыдай жаштарды пайдаланбай эле кой ошо жаштар отургузду Жапаровту..Татыктуу Садыр Жапаров....сенин жанында кайсы жаш журот кысчы жеринди кысып жон жур малга бошобой,, ото акылдуусунго сразу премьер-министр болгудай ким болуп калдын ЖАШТАРДЫН АТЫНАН СУЙЛОБО не кылаарын билбей атсан кел мага грузчик кылып алам
Абдыкадырова Самара
Жаны жаштардан болсун!
Nur bek
Эй Тилек, ты еще сопливый чтобы править страной, а твои покровитель Теке скоро придет конец, и тебя и вместе с тобою Рыскелди, Жанар , Эльвиру он же сделает крайним. Вот увидешь. Так что опомнись пока не поздно Шаолинь ты тупоголовый