Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз

07.10.2020 15:26
11642
Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз


Биз, жаштар Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев 7-октябрда өкмөт үйүнүн ичинде билдирди. 


Анын айтымында, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев эски саясатчылар. 


"Биз жаңы өкмөт курамын түзөбүз. Буга чейин мен дагы алар улуу, тажрыйбалуу деп ойлочумун. Канча министрлик менен иштештим. Алардын деңгээлин көрдүм. Бул жерде биз ишеничтүү адамдар менен өкмөттүн курамын түзөбүз. Чет жерде окуп, билим алып жүргөн жаштарды Кыргызстанга келип, эл үчүн иштөөгө чакырам", - деди Токтогазиев. 


Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг башталган. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылышкан.




Пикирлер (21)

Коопсуздук коду
Феруза
Биз сени тааныбай быз, ал киши канча жылдан бери эл учун чыркырап келет, ошол учун аны иштете койбой жалган жалаалар менен камап келишип атпайбы, ошону билбесенер козунор кор, кулагынар кар экен, сен элге эмне кызмат синирип койдун.
Тынычбек
Тилек Токтогазиев окмот башчыга жарабайт билимдулор жокпу Садыр Жапаровду койуш керек
Тал
Эч текеге жарабайсың сен, сага дагы 10 жыл бар премьер болушуңа
Элдин кызы
Көп сүйлөбөй теплицаңы өркүндөт.Жаштар дегидей Садыр Жапаров деле иштей турган убагы.65-70 ке чыгып калган жок Жаштарга караганда тажрыйба бар.
Назира
Сиз бийлике келсениз ушул эскилерге окшоп жебеширизге ким кепилдик берет? Кресло, бийлик тазамын деген кишинин да оюн бузат!!! Да туура буларга ишенич кыйын бирок тажрыйбасы кучтуу кадырдан баш тартуу бул акылсыздык моонот берип королу 2 ай.