Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз

07.10.2020 15:26
11644
Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз


Биз, жаштар Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев 7-октябрда өкмөт үйүнүн ичинде билдирди. 


Анын айтымында, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев эски саясатчылар. 


"Биз жаңы өкмөт курамын түзөбүз. Буга чейин мен дагы алар улуу, тажрыйбалуу деп ойлочумун. Канча министрлик менен иштештим. Алардын деңгээлин көрдүм. Бул жерде биз ишеничтүү адамдар менен өкмөттүн курамын түзөбүз. Чет жерде окуп, билим алып жүргөн жаштарды Кыргызстанга келип, эл үчүн иштөөгө чакырам", - деди Токтогазиев. 


Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг башталган. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылышкан.




Пикирлер (21)

Коопсуздук коду
Гуля
Мен кош колдоп колдойм, жаштар алга!
Джумагазиева Нуржан
Садыр Жапаров деле жаш болуп келген.Анын эмнеси бар.Сапар Исаков деле жаш премьер болгон.Жаштар иштесин.Мен дагы 20 жашыман ишке аралашкам.Иштеп кетет..