Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз

07.10.2020 15:26
11645
Тилек Токтогазиев: Биз Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз, жаңысын түзөбүз


Биз, жаштар Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары тааныбайбыз. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев 7-октябрда өкмөт үйүнүн ичинде билдирди. 


Анын айтымында, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев эски саясатчылар. 


"Биз жаңы өкмөт курамын түзөбүз. Буга чейин мен дагы алар улуу, тажрыйбалуу деп ойлочумун. Канча министрлик менен иштештим. Алардын деңгээлин көрдүм. Бул жерде биз ишеничтүү адамдар менен өкмөттүн курамын түзөбүз. Чет жерде окуп, билим алып жүргөн жаштарды Кыргызстанга келип, эл үчүн иштөөгө чакырам", - деди Токтогазиев. 


Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг башталган. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылышкан.




Пикирлер (21)

Коопсуздук коду
Анара
Тилек Токтогазиевди эч ким тааныбайт
Кенже
Ооба, албетте жаштар келсин дегенинер туура бирок, кандай гана дасыккан ишмер болбосун жаны иштеп ага наставник керек, менин жеке обида жаны тузулуп жаткан коомдук системада жаштар Жана ошо менен Катар мамлекет учун иштей турган улуу мурун да керек деп ойлойм.
Керимбек
Элге жаш депутаттар керек дейбиз да кайра опыт жок дейбиз бул кандай тупой түшүнүк
Патриотка
А биз сени тааныбайбыз
Кенже
Чет жактагы иштеп жургон жаштарын биздин маянага макул болуп иштеп берет деген гарантиян барбы
Гулбурак
Туура
О. Ибраимов
Алтымыш чыккан атанын Алдыга салып кучун ал. Жетимиш чыккан атанын Жетелеп журуп кучун ал. Ата созу
Назира
Эң туура!