Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Тынчтыкбек Шайназаров укук коргоо органдарына кайрылуу жасады

11.06.2020 11:57
996
Тынчтыкбек Шайназаров укук коргоо органдарына кайрылуу жасады


Депутат Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана тергөөчүлөргө кайрылуу жасады.


Анын айтымында, жаңы Кодекс боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестерине бир топ фактылар катталып жатат. Аларды иликтөө жана күнөөлүүнү аныктоодо бир топ түйшүктү жатарып келген. Себеби жарандык мамиле менен алдамчылык фактысын айырмалоо так эмес.


Мисалы, эки адамдын ортосундагы акча алыш-бериш боюнча мамилени туура эмес карап коюп жатышат. Адамдар акчасын өндүрө албай жаткан учурда сотко барыш керек эле. Бирок соттун чечими чыкканча бир топ убакыт өтүп кетерин каалабай, ички иштер органдарына кайрылышат. Арыздын негизинде милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүшөт. Жыйынтыгында алдамчылык фактысы эмес, жарандык мамиле экенин аныктап, ишти жаап койгонго мажбур болуп жатышат. Муну менен биринчиден убакыт кетип жатат, экинчиден эки тарапты кыйнап коюшат. Тергөөчүлөргө дагы кыйынчылык туулууда”, - деди депутат.


Шайназаров
буга байланыштуу тергөөчүлөрдү жакында чыккан Жогорку соттун пленумунун токтомуна көңүл бурууга чакырды. “Ички иштер органдарынын кызматкерлери иликтөөнү ушул пленумду эске алуу менен башташы керек. Пленумда кайсы учурда алдамчылык болот, кайсы учурда жарандык мамилелер болот, так көрсөтүлгөн”, - деп айтты депутат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн