Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тышкы күчтөр тишин көрсөтүп турганда, улут, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир билекке биригели

30.04.2021 14:01
1130
Тышкы күчтөр тишин көрсөтүп турганда, улут, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир билекке биригели

Кымбаттуу кыргызстандыктар, урматтуу достор!


Маалымат согушунда кыргыздар алдыбызга ат салдырбай келебиз. 28-апрель күнү маалымат эмес чыныгы согуш башталды. 


Бул окуяга биздин өлкө кызыктар эмес. Согуштун туташына коңшу өлкө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүнү каалабагандыгынан кабар берет. Согушту эки премьер чет өлкөдө туруп кол алышуу менен чече албайт. Тажиктерде бир башчы экинчи башчыга баш ийбеген табигый түшүнүк бар. Бул нерсени бир гана эки өлкөнүн Башкы кол башчылары гана чече алышат.


Албетте, эки тараптын ортосунда көптөгөн жылдар арасында тирешүү болуп келген. Бирок, аскер күчтөрдүн атышуусуна мурдакы бийликтегилер жол беришкен эмес. Балким, ичке толгон күйүт, бири-бирине болгон жек көрүү, бийликтин алсыздыгы чечкиндүү кадамдарга барууга түрткү болгондур.


Согуштун чыгышына себеп болгон учурлар төмөндөгүчө болушу мүмкүн:

1. Орусия мындай ыкма аркылуу Тажик республикасын Бажы союзуна кошуу ыкмасы. Орус басылмалары коңшу өлкөгө көбүрөөк басым жасап, аларды маалымат айдыңында колдоп жаткандыгы да бекеринен эмес.

2. Тажик президенти тактыны уулуна өткөрүп берүүдө өзүнө ыңгайлуу шарт түзүү.

3. Тажик тарап чек ара маселесине макул эместигин ушул жол аркылуу түшүндүрүү. Эми баары башынан каралышы керек;

4. Бир ок менен эки коен атууну көздөгөн Орусия, бул жол менен биздин Башчыбызга да “сез” көрсөтүү. Себеби, жакынкы аралыкта С.Жапаров кытайга сапар алат. Ал жакта чечим кабыл алууда стратегиялык өнөктөшүбүздү унутта калтырбашына коңгуроо.


Балким, башка да биз билбеген жогорку деңгээлдеги себептер бардыр. Аны тарых далилдейт.


Тышкы күчтөр тишин көрсөтүп турган учурда ички душмандар да жөн жатпай, учурдан пайдаланып чалып ийсем дегендер бар. Аныгында кыргыз кырсыкканда биригет. Саясий, жеке таарынычтарды убактылуу болсо да “арендага берип” улут, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир билекке биригүү керек.


Президенттик шайлоодо элдешкис душманга айланган, бүгүнкү бийлике мокочо көрүнгөн Абдил Сегизбаев да бир күч, бир туу алдына биригип, мамлекет Башчы жана башка ишти жөнгө салууга тийешеси бар чиновниктерди колдоого алууга үндөдү. Ага улай Равшан Жээнбеков да баракчасы аркылуу ушундай кырдаалда Садыр Жапаровго колдоо көрсөтүү керектигин жазды. Учурда үй камагына алынган, бийликтин каршылашы Курсан Асанов дагы Баткенге барып өмүрүн аябастан салым кошоорун жарыялады.


Мындай билдирүүлөр оппозиция өкүлдөрү сынып калды дегенди билдирбейт. Тескерисинче мамлекетчил инсандардын сапаты экенин айгинелейт. Бийлик эмес, мамлекет керек экендигинин далили. 


Ага улай, бүгүнкү бийлик да чындыкты, акыйкатты айткан оппоненттерин душман кылбай, тескерисинче консалидация кылып, биргеликте абалдан чыгууга аракетин жазашы керек. Кудайым буюруп согуш токтогондон кийин деле ынтымакта, биргеликте мамлекетти чогуу өнүктүрсө деген үмүт. Аты аталган мамлекетчил инсандарды тор артында кармабай, же кайырмакка илип тушабай, тескерисинче алардын билимин, тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүшүнө пайдаланышса. Чыныгы душмандар алар эмес, башкалар экенин бүгүнкү кырдаал деле көрсөтүп койду. Эрегиш, тирештин жыйынтыгы эмнеге алып келээрин мурдакы “эки достун” тагдырынан деле баамдасак болот. Учуру келип алар деле элдешип алса деген тилек. 


Андыктан, биргеликте колдоо кылып, ахыбалдан чыгууга чогуу аракет кылалы. Туура эмес жазсам мага да сын айтып, акылыңарды кошуп койгула.


Адилет Калыгулов, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн