Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Транспорт министрлиги 2022-жылы транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кылды

15.02.2023 09:57
401
Транспорт министрлиги 2022-жылы транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кылды


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2022-жылы транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бектитилген2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы №134-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер планы бекитилген.


Аталган иш-аракеттер планында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 37 иш-чара аткарууга берилген, анын ичинен транспорттук-логистикалык инфраструктура маселелерин чечүү боюнча 12 иш-чара каралган: 4 иш-чара автомобиль жолдору, 4 иш-чара темир жол маселелери боюнча, 4 иш-чара жарандык авиацияжана ошондой эле, санариптик чечимдерди ишке ашыруу максатында 2 иш-чара негизги аткаруучу болуп каралган. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча жалпы 33 тапшырманын 25и аткарылган, анын ичинен 10 тапшырма боюнча негизги аткаруучу, анын ичинен 8 тапшырма толугу менен аткарылган.


2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №133-т (КПҮ) тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Кризиске каршы иш-аракеттер планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында 4 иш-чара бекитилип анын ичинен 1 иш-чара жарандык авиация боюнча болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигине өткөн.


Андан сырткары 1 иш-чара - товарларды ташуунун логистикасын жакшыртуу боюнча аткарылды, 2 иш-чара товарларды сатуу стадиясында ташуунун логистикасын жакшыртуу боюнча туруктуу аткарылууда.

"Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүүнүн 2021-2035-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1-сентябрындагы 2021-жылдын 159-КПҮ токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында 19 иш-чара коюлган, анын ичинен 1 иш-чара жарандык авиация боюнча болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигине өткөн, калган 18 иш-чара аткаруу стадиясында, анткени иш-чаралардын мөөнөтү 2023 - жылдан баштап 2035-жылга чейин белгиленген.

Баткен облусун өнүктүрүүнүн Жол картасынын аткаруу алкагында Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолунун курулушун аяктоо; Көк-Таш-Ак-Терек-Бужум автожолун куруу; Кайыңды-Кишемиш автожолун долбоорлоо жана куруу; Сох-Кан-Зардалы автожолундагы жер көчкү участогун айланып өтүүнү долбоорлоо жана куруу жана башка маселелер каралган.


Баткен облусундагы 48 жол  курулуш объектилерине 1 млрд 261 млн 300 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланды. Быйыл 70,4 км асфальтобетон катмары төшөлүп, андан тышкары 95,5 км шагыл жол төшөлдү жана 69 км жолго долбоорлоо документтери даярдалды.

Кадамжай-Чечме автожолунда 47,8 км асфальт төшөлүп 2 көпүрөнүн курулушу аткарылууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолунун 7 кмде жардырылган көпүрө калыбына келтирилди.


 

Тармактык программаларды ишке ашыруу бонча маалымат:


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 15-январынын № 7 буйругу менен бекитилген 2020-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүү концепциясы боюнча 2022-жылдын 1-ноябрына карата Иш-чаралар планынын 33 пунктунун 14 пункту толугу менен аткарылды, калган пункттарды ишке ашыруу кийинки жылдарга каралууда.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 258 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш-чаралардын планы 9 бөлүктөн турат, Программанын максаттарына жетиш үчүн 29 иш-чараны камтыйт, ал беш жылга эсептелген.


2022-жылга карата Иш-чаралардын планынын 13ү үзгүлтүксүз аткарылууда. Ошондой эле, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоору боюнча 2022-жылдын ичинде "КТЖ "УК" МИнин өздүк күчү  менен жолдун жогорку структурасынын 5 км төшөлүшү аяктады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдиназар
Кыргызстандын негизги кан тамыры бул жол, ошон үчүн жолго абдан маани беришибиз керек, жолдорду жогорку стандарттарда куруу замандын талабы.