Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Туристтик фирманын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

14.08.2020 14:14
919
Туристтик фирманын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарындагы “Альянс” туристтик фирмасынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-августта милицияга аял киши арыз менен кайрылып, “Альянс” туристтик фирмасынын жетекчисине карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 13-январда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан турфирманын имаратында Египетке барууга туристик кызмат көрсөтүүнү убадалап, 126 миң 288 сом алган жана айтканын аткарбай качып кеткен.

Аталган факт 204-берене (Алдамчылык) менен катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында 1986-жылы туулган Т.М. криминалдык милиция тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Мындан сырткары, милицияга дагы 8 адам “Альянс” компаниясынын аракетинен жапа чеккенин айтып кайрылган.


Биринчи Май райондук соту 13-август күнү шектүүнү 12-октябрга чейин үй камагына чыгарган.


Ошондой эле тергөө тарабынан кармалган адам дагы башка ушундай кылмыштарга байланышы бар деп шектелүүдө.


Милиция шектүүдөн жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалымат билсе кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары (0312) 56-32-48, (0708) 58-88-85, (0550) 10-23-60 жана 102.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн