Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Турсунбек Акун: Эл парламенттик башкарууну кааласа азыркы Конституция өзгөрбөйбү?

10.12.2020 12:02
613
Турсунбек Акун: Эл парламенттик башкарууну кааласа азыркы Конституция өзгөрбөйбү?

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун кеңешменин ишин референдум өткөнгө чейин токтотуп турууну сунуштады. Бул тууралуу ал кеңешменин жыйынында билдирди.


Мурдагы акыйкатчы эл парламенттик башкарууну кааласа эмне болот деген суроо койду.


"Депутаттар парламенттик жана президенттик башкаруу боюнча гана референдум өткөрүүнү карап жатат. Эгер эл парламенттик башкарууну кааласачы? Кечээ төрага интервью берип жатып эл парламенттик башкарууну кааласа азыркы Баш мыйзам калат деди. Мен буга такыр макул эмесмин. Азыркы башкаруу системасы түшүнүксүз. Ошондуктан референдум өткөнгө чейин онлайн иштөөгө өтүүгө чакырам. Андан кийин элдин тандоосуна жараша Конституцияга өзгөртүү киргизебиз",- деди Акун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн