Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Турсунбек Акун: Көлбаевдин абактан бошотулушу туура болгон жок

03.03.2021 19:18
1810
Турсунбек Акун: Көлбаевдин абактан бошотулушу туура болгон жок


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушу туура болгон жок. Ал аягына чейин абакта отурушу керек болчу, деп билдирди укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 3-мартта “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип.


Ал белгилегендей, крим чөйрөдө жүргөндөр жөнөкөй жарандардын мал-мүлкүн, акчасын тартып алат, коркутуп-үркүтөт, укугун тебелейт же башка кысымдарды көрсөтөт. Мындай “мыйзамдагы ууру” атыккан адамдар сөзсүз жазаларын алышы керек.


К.Көлбаевди жасаган кылмышына ылайык күнөөсүн далилдеп, анан кармаш керек эле. Камалдыбы? Демек, аны соттоп, аягына чейин жазага тартуу шарт болчу. Эми болсо үй камагына чыгарып салды. Анда күнөөсү далилденген жок. Демек, бийлик жакшы иш алып барган жок деген ой калтырат”, - деди мурдагы акыйкатчы.


Ошондой эле, ал АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги Көлбаевдин абактан бошотулушуна тынчсызданган бирдирүү таратканы туура эмес, деген оюн айтты.


“Бул АКШнын Кыргызстандын ички саясатына одоно кийлигишүү болуп саналат. Андай болсо эмне үчүн Матраимов камалганда комментарий берген жок?”, - деп кошумчалады Т.Акун.


Тема боюнча: УКМК Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди

АКШ Камчы Көлбаевдин бошотулганына тынчсызданганын билдирди

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Т.Токтобердиев.
Эң туура сөз, колдоймун. Бул иш "показуха" деген эле ой калтырды. Колбаев камака алынды деп УКМК "сүйүнчүлөгөндө" эле СМИ менен Эл арасында "кайра эле койо беришет" деген сөздөр айтылган. Так ошондой болду. Демек, булар "Айта беришет кайра кайта беришет" деген сөз чындык экен да.👌🏿👌🏿👌🏿👌🏿👌🏿👌🏿👌🏿