Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Турсунбек Акун: Шайлоону эч ким токтото албайт

13.07.2020 16:14
3194
Турсунбек Акун: Шайлоону эч ким токтото албайт


Шайлоону эч ким токтото албайт. Мындай пикирин 13-июлда Биринчи радионун түз эфиринде укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди. 


Эфирде парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу керекпи? Мыйзамдык жолу кандай? деген суроолор талкууланып, ага БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова, укук коргоочу Турсунбек Акун жана саясий илимдердин кандидаты, политолог Бакыт Орунбеков катышууда.


"Эгер президент шайлоонун мөөнөтүн жылдырып койсо, аны сындагандар эки эсе көп болот. Президент кызмат абалынан пайдаланды, адамдардын укугун чектеди, пандемияны туура эмес пайдаланды деген сын пикирлер айтылат. Бирок, шайлоону эч ким токтото албайт. Азыр парламенттик шайлоону токтотуш керек деп кыйкырып жаткан депутаттардын партиялары шайлоого катыша турганы боюнча БШКга арыз берип жатышпайбы. Президент шайлоону өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду, себеби конституцияда ошондой жазылган. Президент жарлыгы менен шайлоону жылдыра албайт", - деди Турсунбек Акун. 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
БАКТЫБЕК
Тез аранын ичинде парламентти чогултуп конституцияга озгортуу киргизиш керек.
Кубан....куб
Туке сиз токтотпойсуз....Аны Эл озу токтотот...коп тукурсо кол болот....кол толкуса...сел болот...сел болсо ...постор...дамбылар...айрылат..жарылат....аз.... калды.
Данияр
Турсунбек Акун качан камалат? Батукаевдин иши боюнча жоопко тартылыш керек