Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Турсунбек Акун акыркы кармоолор социалдык чыңалууга жол ачпашы үчүн бийлик органдарынын башчыларын сүйлөшүүгө чакырды

24.10.2022 14:42
637
Турсунбек Акун акыркы кармоолор социалдык чыңалууга жол ачпашы үчүн бийлик органдарынын башчыларын сүйлөшүүгө чакырды


Коомдук ишмер Турсунбек Акун акыркы саясий абалга байланыштуу бийлик органдарынын башчыларын маселени чечүү үчүн диалогго чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Акундун айтымында, азыркы кырдаалдан бир гана диалог менен чыгууга мүмкүн.



"Акыркы убактагы өлкөдөгү болуп өткөн окуялар коомдук-саясий абалды курчутууга жана социалдык чыналууга ыңгайлуу шарт түзүшү мүмкүн.


Мына ушундай жагдайды эске алып, мамлекеттик бийликтин жогорку органдары өз көз карашы бар адамдарды куугунтукка алуудан жана мамлекеттин репрессивдүү меторддорун колдонуудан баш тартып, биз бир нече ирээт демилгелеген диалог жана консолидация форумун өткөрүүгө чакырабыз.


“Консолидация жана Диалог” кыймылы бул аталган форумду уюштурууга аянтча түзүп берүүгө даярдыгын билдирет",- деп билдирди Турсунбек Акун.


Ал ошондой эле аталган иш-чарада Кемпир -Абад суу сактагычына байланыштуу маселени да чечүүгө мүмкүн болорун кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн