- Турсунбек агай, 8-декабрда болчу жыйын үзгүлтүккө учурадыбы? Эмнегедир андан кийин Эдил Байсаловдун дарегине сындарды айттыңыз го?
- Адам укуктары күнүнө карата 8-декабрда “тегерек үстөл” уюштуруп, коомчулукту, бийлик өкүлдөрүн, саясатчыларды, журналисттерди чакырганбыз. Тилекке каршы, үчүнчү жолу “тегерек үстөлдүн” болушуна тоскоолдук жаралды. Тагыраагы, биз макулдашып койгон отель “кондиционер жарылып, суу агып кетти” деген шылтоо айтышты. Отелге барганыбызда баары жайында экенин көрдүк. Көрсө, Акүй тараптан “тынч жыйын өткөрбөгүлө” деген тапшырма келиптир. Жыйындар залына киргизишпегенине карабай, ошол эле отелдин фойесине өткөрдүк.
- Эдил Байсалов андай иштерге аралашпай турганын, тынч жыйындарга каршы эмес экенин айтты го?
- Биз Эдил Байсаловдун атын атаганда гана ал ошентип актанды. Чынында бизде далилдер бар. Жетиштүү негиздер болгону үчүн Эдил Байсаловдун атын атадык. Буга чейин деле биз тынч жыйын өткөрчү имаратта “өрт чыгып кетти”, “суу каптады” деген кызыктай шылтоолорду айтышчу. Бу сапар да “жарылып кетти, суу агып жатат” деген кондиционер да эч нерсе болбогонун көрдүк. Ошон үчүн көгөрүп, жыйынды фойеде өткөрдүк.
60тай киши келди. Жыйын соңунда эки чечим кабыл алдык, бири “Кемпир-Абад окуясы боюнча камалгандардын соту ачык өтсүн” дедик. Сот ачык өтпөсө, мыйзамдардын, Конституциянын, эл аралык нормалардын бузууларына токтолдук. Ошондой эле тынч жыйындарды өткөрүүгө да тоскоолдук кылышса, эл аралык нормаларды, декларацияларды, Конституцияны бузууга барабар иш болорун белгиледик. “Тынч жыйындарды чектөө боюнча кабыл алынган негиздердин баары жокко чыгышы керек” деген чечим кабыл алдык.
Ошондой эле Эдил Байсаловдун туура эмес иш аракети боюнча президентке кат менен кайрылып, кызматтык иликтөө жүргүзүп, чара көрүүсүн сурандык.
- “Тегерек үстөлдөн” кийин эле Москвадагы эл аралык жыйынга кеттиңиз. Ал жакка ким чакырды?
- Москва шаарында элдик дипломатия боюнча эл аралык форум өттү. Эл аралык форумдун демилгечиси Евразия ассоциациясынын ассамблеясы экен. Аталган форумга 40тан ашуун өлкө катышты. Кыргызстан ассамблеясынан Алмамбет Матубраимов баштаган мүчөлөрү барды. Алар да “биз менен чогуу барыңыз” деген сунуш беришти. Ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен да сунуш түштү. Сыягы, форумга чейин эле президент Путин менен Зеленскийге кайрылып, согушту токтотуу боюнча оюмду ачык билдиргенимди эске алышкан окшойт.
40 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан жыйында өтө чоң маанилүү маселелер көтөрүлдү. Дүйнөдө болуп жаткан тирешүүлөрдү согуш жолу менен эмес, элдик, коомдук дипломатиялык жол менен чечүү маселеси каралды. Аталган уюм дагы согуштарды токтотуу аракетин көрүп жатышыптыр. Согуштун кесепетинен канчалаган адамдар өлүп, балдар, аялдар, карылар бул дүйнө менен кош айтышып, шаарлар талкаланып, эсепсиз адамдар качкынга айланып, эмне деген трагедия болуп жатканын айтышты. “Дүйнөдөгү жетекчилердин баары маселени элдик дипломатия менен чечкенде мындай каргашалуу согуштар болбойт эле. Эч ким мынчалык жабыр тартпайт эле” дедик. Кыскасы, аталган жыйынга Путиндин администрациясынын өкүлдөрү, Лавровдун пресс-катчысы, Госдуманын мурдагы спикери, Россиядагы күчтүү деген саясатчылар да катышып, сөз сүйлөштү.
Москвага баргандагы эң негизги максатым: Россиянын президентинин алдындагы адам укугуна байланыштуу кеңештин мүчөлөрү менен жолугуу болчу. Жолуктум. Мындан ары баарыбызды түйшөлткөн маселелерди чечүү үчүн бирге иш алып барууну макулдаштык. Россиянын омбудсменинин өкүлү менен да сүйлөштүм. Февралда Борбор Азиядагы укук коргоочулар Москвага барып, адам укугунун абалы, дүйнөдөгү кырдаалды жайгаруу жана пикирлерди эркин билдирүү боюнча кызматташуу чечимине келдик.
- Кыргызстандын Россиядагы элчисине да жолуга алдыңызбы?
- Жолуктум. Көп жакшы иштер жасалып жатканы боюнча маалымат алдым. Аял болсо да чоң инвестиция тартып келип жатканын уктум. Москвада метродон түшсөң эле “документ жасап берем” деген шылуундар жоголгонун угуп, иретке келтирип койгонуна сүйүндүм.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн