Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Түз эфирде тапанча кармап "Патрулдук милиция чыкса атып сал" деген жаран кармалды (ВИДЕО)

Түз эфирде тапанча кармап "Патрулдук милиция чыкса атып сал" деген жаран кармалды (ВИДЕО)

Бишкекте тапанчаны мыйзамсыз алып жүрүп, жол эрежесин одоно бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 3-декабрда Instagram социалдык тармагында белгисиз жигиттин түз эфирге чыккан видео тасмасы тараган. Анда унаада отурган жигит тапанча кармап алып “Патрулдук милиция чыкса, атып сал” деп айткан. 


Шаардык милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери аталган факт боюнча 1995-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармап, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирген.


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (Курал-жарак, ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн