Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

УКМК: Араванда баасы 3 млрд сомдон ашык болгон объект мамлекетке кайтарылды

03.10.2024 18:23
439
УКМК: Араванда баасы 3 млрд сомдон ашык болгон объект мамлекетке кайтарылды


Араванда мыйзамсыз менчиктештирилген баасы 3 млрд сомдон ашык болгон объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында көп убакыттан бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылган "Ак-Була Араван пахта заводу" ААКтын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды. Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 млрд 217 млн сомду түздү.

Маалым болгондой, 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн