Кулжа 16, 2024
Убакыт: 16:26
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

УКМК адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин тууганын кармады

23.05.2024 15:07
197
УКМК адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин тууганын кармады


Адам уурдоо фактысы боюнча Камчы Асанбектин (Көлбаев) тууганы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тактап айтканда, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө К.Асанбектин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан. Натыйжада козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Учурда адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн