Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 03:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады

03.12.2020 14:50
9990
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элден кечирим сурай баштады


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары элден кечирим сурады. Бул тууралуу "Назар ньюс" агенттигине берген маегинде билдирди.


"Баарыбызга белгилүү болгондой Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы өзүнүн Конституциясын жазып, өздөрү каалагандай иштеген. Бирок, Акаев кеткенде ал Конституция өзү менен кошо кетти. Бакиев келгенде ал Баш мыйзам менен иштебей өзүнө ынгайлуу кылып жазып, иш алып барды. Ал эми 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз каалагандай өзгөртүп аны менен иштегенге аракет кылдык. Урматтуу кыргыз элим мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кечирим сурайм. Биз сиздерге жакшы мыйзам бере албадык. Биздин Конституциябыз жакшылык алып келген жок, турмушуңуздар оңолгон жок. Сиздерге берген убадалар аткарылган жок. Мыйзамдар иштеген жок, чет элге берилген кен байлыктар кайтарылган жок, коомубуз тынчыбай койду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзүбүз буздук," - деп сөзүн жыйынтыктады Бекназаров.

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Кенешбек Айдаров
Откон кундорду артка кайтара албайсыздар убакыт теке кети элкыйналды кыргызстан онукондун ордуна 5милярд долар карыз болду бир да зовод фабирика калбай калганча талаладынар мага коюуп берсе баарын элдердин козунчо ит аткандай атмакмын
Нурбек Турдубеков
Канча деген тополондон кийин мойнунарга алганынар окунтот..бул деген эсептешеер убакыт келди.. Адилет жашоо келсе..
Таа
Бакиев чыгарып кетти дегенсинер 300.000.000ду.Ал албаптыр го ,кана акчалар?Кечирим менен бутпойт
Жуке
Башы жакшы иштегендер чогулуп кенешип анан туура Кылып жазсп эле онолот элек
Салиха
Бул текебер киши чын эле кечирим сураганбы же бироо жарымдан даки жеп мажбур болдубу эгер чын эле ыйманы менен журоктон кечирим сураган болсо жегендеринин жарымын болсода элге кайтарып берсин