Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 05:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улукбек Өмүрзаковду бошотуу талабы айтылды

17.11.2020 13:43
486
Улукбек Өмүрзаковду бошотуу талабы айтылды

Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Улукбек Өмүрзаковду үй камагына чыгаруу талабы айтылды. Бул тууралуу анын айылдаштары АКИpress-Ош агенттигинде берген пресс-конференцияда билдирди. 


Конференцияга келген ак сакалдар Өмүрзаковду негизсиз камаганын жана аны түрмөдөн чыгарбаса аны колдогон жаштарды токтотуу кыйын экенин айтты. 


"Биз Улукбек Өмүрзаковду колдогон жаштардын нааразычылыгын араң токтоттук. Кеңешип алгач ак сакалдар тиешелүү органдарга кайрылуусун туура көрдүк. Эч кандай мыйзамсыз иштер болбостугу  үчүн Өмүрзаковду чыгарууну өтүнөбүз" деди Кара-Кулжа районунун акими Идирисов. 


Белгилей кетсек, Өмүрзаковду 12-ноябрь күнү Улукбек Өмүрзаковду жана анын үч тарапташын кылмышка шектүү катары УКМК кызматкерлери кармап кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн