Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылыкка шектелген жаран  кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.


Март айында Аламүдүн районунун РИИБге Чүй облусунун 66 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Опел унаасын (баасы 5000 доллар) алып, бир нече күндөн кийин кайтарып берем деп убада кылган шылуунга чара көрүүнү суранган. Аял бир нече жыл күткөн, бирок жаран  убадасын аткарган эмес.


Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.


Чүй облусунун ИИББинин жана Аламүдүн РИИБнин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы шектүү Т.К. кармалган. Бул адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн