Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ЖК депутаты Азиз Турсунбаевге жашыл жарык жанды

23.08.2021 11:09
1385
ЖК депутаты Азиз Турсунбаевге жашыл жарык жанды


Айрым камалган саясатчылар оппоненттерине жол ачып бергенин баамдап атабыз. Парламенттик шайлоого карай партиялык жана бир мандаттуу округдардан таанымал талапкерлердин тапталып атканы жашыруун эмес. Учурда абройлуулар, капчыктуулар, ак-карасы тең аламанга ат койчудай... Мисалы, Асылбек Жээнбековдун камалышы менен Кара-Кулжа аймагынан генерал Сүйүн Өмүрзаковго тең келчү күчтүү атаандаш деле чыкпайт. Каарманыбыз азырынча ИИМдин 1-орун басары.


Саналуу күндөрдөн соң кызматын өткөрүп берип, элдин элегинен өтмөкчү. Депутат болуп келүүгө толук шансы бар. Ноокат районунда ар тарабынан тамырлашып алган Төрөбай Зулпукаров түрмөдө отургандан кийин, анын каршылашы Алтынбек Сулаймановго жашыл жарык күйдү. Буга чейин Алтыкеге кысымдар болуп келсе, эми кичи мекенинен ээн-эркин басып, добуш жыйнагандан ыдык көрбөйт, административдик ресурска кабылбайт. Ал эми Ала-Бука, Чаткалдан Акаев доорунан бери Азиз Турсунбаев бир мандаттуу округдан чыгып, эч кимге ээ берчү эмес.


2010-жылдан тарта өзүнүн кадры, олигарх Исхак Пирматов каршылашып калганы, устатына акчанын күчү менен таасир жаратканы ырас. Ошондо да Азиз Турсунбаев эл арасындагы кадырбаркына салып, андан бир сөөм өйдө туруп, добуш алууда ашып кетчү. Эми Исхак Пирматов камалып чыккандан кийин шайлоого катыша албай калды. Даңгыр жол ачылганын элестетип атсаңар керек...


Булак: Азия News гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн