Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абад шаарында логистикалык борбор ачылды

19.04.2024 15:37
478
Жалал-Абад шаарында логистикалык борбор ачылды


Жалал-Абад шаарынын Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында эл аралык талаптарга жооп берген логистикалык борбор ачылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ишкерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Логистикалык борборду жеке ишкер Түгөлбай Сейдалиев негиздеген. Ага АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Катардык ишкер колдоо көрсөткөн.

Борбордо мөмө-жемиштерди кургатып, аны сактоо, таңгактоо жумуштары жүргүзүлөт.

Муздаткыч кампанын сыйымдуулугу 800 тоннаны түзөт. Бир жыл ичинде мында 200дөй жаран иш менен камсыз болот. Мындан сырткары, 700дөй дыйкан-фермерлер менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн