Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин жанында болгон мушташуунун катышуучулары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, 10-ноябрда 102 кызматына мейманканалардын биринин жанында мушташуу болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 4 адам кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн