Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалпы кыргызды сөккөн Ажиевдин баңгизат колдонгонун ИИМ расмий тастыктады

Жалпы кыргызды сөккөн Ажиевдин баңгизат колдонгонун ИИМ расмий тастыктады


Жалпы кыргызды оозго алгыс сөздөр менен тилдеген видеосу тараган Даниэл Ажиевдин баңгизат колдонгонун, Ички иштер министрлиги тастыктады. 


Маалыматка ылайык, 26-март күнү Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган. Анын алкагында Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) менен айыпталып, Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Текшерүү иштеринин учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган. 


Кечээ, 26-мартта "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине өздүк булактар  Даниэль Ажиев кармалып, анын баңгизатын колдонгону аныкталганын кабарлашкан эле.  


Эскерте кетсек, буга чейин Даниэл Ажиев коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам элге азык түлүк таратып жаткан видеосун жарыялаган.  Андан кийин ага мурда интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды иштеткенсин, сага эмне жок деген сындуу ачуу сөздөр айтыла баштаган. (Бир эки жыл мурун Даниэл Ажиев интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн кыздарды иштетип кармалганы чын. Бул жаңылык баардык ЖМКларга чыккан.)


Бул сындар айтыла баштаганда эле кыргыздар баарың келесоосуң деген сындуу оозго алгыс сөздөр менен тилдеп Ажиев социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Ал видео интернетке желдей тарап, аны баңгизатын колдонгон же мас абалында деген да сөздөр айтылып жаткан болчу.


Мындан сырткары ал коронавируска каршы күрөшүү фондунун эсебине 7 млн сом бөлөрүн айткан, бирок которгону же которбогону али белгисиз. 




Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ырыс
Бул наркомандан бироо жардам сурадыбы? Пиар кылып бул келечекке упай топтойм деди окшойт да!