Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жаманын жашырып, жакшысын арттырып отуруп, бүгүнкү абалга келдик...

26.11.2020 09:41
657
Жаманын жашырып, жакшысын арттырып отуруп, бүгүнкү абалга келдик...

Элдин, өзгөчө жаштардын, жаңы муундун жеке маданияты такыр артка кетип, жапайыланып баратканына олуттуу кабатырлангандар, добулбас каккандар көрүнбөйт. Дайын-дарекесиз, аты-жөнүн так атабастан кайпактатып, жылмалама-жалпылама сөз менен тажатма алжыгандан башканы айтышпайт да жазышпайт.

Мисалы, акыл-эстүү советтик доордо карапайым элдин гана эмес, жалпы улут туу катары тутуп келген маданият ишмерлеринин, атактуу делинген акын-жазуучуларынын көбү эгемендик алгандан кийин жүгөнсүз атка окшоп, ээ-жаа бербей, жеке адебине, маданиятына, жүргөн-турганына көңүл бурбай калышканын байкап эле жүрөбүз го. Аларды көргөн жаштар такыр жапайыланып баратат…

Ток этээрин айтканда, 2006-жылы Каржы министрлигинде мамлекеттик тил бөлүмүндө иштеп турганымда, ага чейин мен урматтап келген Эрнис Турсуновдун кайсы бир кыргыз гезитте оосурактын химиялык курамын талдаган аңгеме-дүкөнүн окугандан кийин бул кишинин чын деңгээли мага билинип калган…

Дегеле кыргыз акын-жазуучуларынын, маданий ишмерлеринин басымдуу көбүнүн жеке деңгээли да Турсуновдукундай экенин баарыле билет. Бирок, «Жаманын жашырып, жакшысын арттырып» деген эски адатты бекем карманган ит менталитеттин айынан кымпыйып-жымпыйып унчугушпайт, жашырышат. Буларың деле баягы «молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» деген менен жашайткен. Жалпы маданиятыбыздын, (өзгөчө жапайыланып бараткан жаштардыкы) өнүкпөй, тескери кетип баратканынын чоң себеби ушунда белем…

Садырбек Чериков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн