Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев министрди УКМКдан коркпой, дарыгерлерди коргоого чакырды

14.04.2020 15:07
908
Жанар Акаев министрди УКМКдан коркпой, дарыгерлерди коргоого чакырды


Өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынында тиешелүү акча которулду деп билдирген. Бирок саламаттыкты сактоо кызматкерлери азыркыга чейин ала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Жанарбек Акаев билдирди.


Алар күндө үмүт кылып банктык карточкаларын карап, күтүп жатышат. Баарыбызга белгилүү дарыгерлердин айлыгы аз, сый акы берилсе алар үчүн чоң колдоо болмок”, – деди депутат.


Ал эми саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 43 уюм-мекемеден 828 кызматкерге 6 млн 600 миң сом акча которулганын билдирди. “Бүгүн, эртең баарына таратып бүтөбүз. Айрым эсептер так көрсөтүлбөгөндүктөн жана иштебеген адамдардын тизмеге кирип калгандыгына байланыштуу кайрадан каралып, март айыныкы бир аз кечеңдеп калды. Апрель айындагы сый акыларды таратууда мындай мүчүлүштүктөр болбойт”, – деди министр.


Депутат Жанарбек Акаев министрди аймактарды кыдырууга үндөп, дарыгерлердин таламын талашууга чакырды. “Сиз УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоңуз. Маска сапатсыз деп койгону үчүн кечирим суратууга жол бербешиңиз керек” – деди Жанарбек Акаев.


Тема оюнча: Жанар Акаев: “Кечирим суратчулар” да бир күн кечирим сурайсыңар, унутпагыла”

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн