Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров Токаевге аскер бөлүгүндөгү жардыруудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

27.08.2021 12:47
806
Жапаров Токаевге аскер бөлүгүндөгү жардыруудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көнүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн