Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жеңиш Молдокматов: Садыр Нуркожоевич, элдин, эркиндиктин баркын, баасын билген адам мындай кадамдарга барбайт

18.11.2020 16:33
636
Жеңиш Молдокматов: Садыр Нуркожоевич, элдин, эркиндиктин баркын, баасын билген адам мындай кадамдарга барбайт


Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны кимдер жазды? Ким үчүн жазды? Кимдер колдоп берди? Эмне үчүн жабык талкуунун жүрүшүндө жазылды? Айтор, көп суроо жаратат.


80 депутаттын кол коюусу менен жактырылган конституциялык долбоорго айрым депутаттар билбегендигин же макул эместигин билдирип чыгууда. https://maralfm.kg/archives/453422


Демек, 79 же ага жетпеген депутаттардын макулдугу менен коомдук угууга коюунун өзү канчалык лигитимдүү?


Президенттик шайлоо менен кошо өтүүчү Референдумдун шашылыш чыгуусу эмнени каңкуулайт? Мамлекет- элдики, бир ууч топтуку эмес же дос тамыр, жакын адамдардыкы эмес!


Социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан жаңы долбоорго коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын пикирлер жүйөөлүү.


Күнү куру эмес болуп жаткан мыйзамсыз иштерге көз жумуп отура албайм. Мен, азыркы болуп жаткан мыйзамсыз кадамдарга каршымын!


Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Элдин, эркиндиктин баркын, баасын билген адам мындай кадамдарга барбайт!

Мамлекет башчысы болом деген инсан элди эки бөлбөйт. Конституция мамлекет башчысы үчүн эмес, эл үчүн жазылат!


P.S.: жогоруда жазылган партиянын позициясы эмес, менин жеке жаран катары пикирим жана туурум...


Жеңиш Молдокматов, "Замандаш" партиясынын лидери



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн