Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 07:54
USD
85.35
85.85
EUR
92.40
93.40
RUB
0.870
0.910

Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

22.07.2024 09:53
3003
Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди


Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турган болду.

АКШнын президенти Жо Байден кийинки президенттик жарышта ат салышпай тургандыгын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.

"Сиздердин президент катары кызмат кылуу менин жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Мен кайра шайланууга ниеттенгеним менен, мөөнөтүмдүн аягына чейин президент катары өз милдеттеримди аткарууга басым жасоо партиямдын жана өлкөмдүн кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейм", - деди Байден.

Ошондой эле Байден өзүнүн чечими тууралуу жуманын соңунда элге кайрылуусунда көбүрөөк айтып берүүнү убада кылды.

Жо Байден учурда 82 жашта. Ал АКШнын 46-президенти.

Белгилей кетсек, АКШ президентин 60-ирет шайлоо 5-ноябрга дайындалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн