Бүгүн 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында эл ѳкүлдѳрү вице-премьер –министр жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар министринин талапкерлерин жактырышты. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка сунушталган талапкерлерди тааныштырды.
Вице-премьер-министрликке (экономикалык бѳлүмүнѳ) буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген Асрандиев Эркин Шамшудиновичтин талапкерлиги көрсөтүлсө, ал эми ѳзгөчө кырдаалдар министрине вице-премьер-министри болуп иштеген Аскаров Замирбек Марипбаевичти талапкерлиги жактырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн