Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Шайлоого чейин тараган Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында эмгек акыларын алышат

11.09.2020 13:22
936
Шайлоого чейин тараган Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында эмгек акыларын алышат


Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында эмгек акыларын алышат. Бул тууралуу парламеттин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди. 


Анын айтымында, депутаттардан сырткары парламентте аппараттын, иш башкармалыктын кызматкерлери да,  Эмгек кодексинде белгиленгендей маяналарын алышат. 


"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө жана Регламенти жөнүндө" мыйзамдарга ылайык ЖК депутаттары жаңы чакырылыштагы депутаттар ант берип, кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат. 


Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби деген сөздөр да айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаттары  шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган. 


Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин толук аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы пайда болсо, ЖК депутаттары 24 сааттын ичинде чогулууга даяр", - деди ал. 


Ал кошумчалагандай, Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылы пандемияга байланыштуу чыгымдарын кескин кыскартууга барды. Сатып алуулар, ремонт иштери токтотулду. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык эмгек акысын, айрым фракциялар эки, үч айлык эмгек акыларын пандемияга каршы күрөшүү фондуна которуп берген.


Буга чейин маалымдалгандай, жаңы эле жайкы каникулдан келген Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого байланыштуу 4-сентябрдан тарта 2-октябрга чейин жыйындарга чогулбай, шайлоочулар менен иш алып барууга тарашкан болчу. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шайлоочу
Депутат болсон иштебей эле айлык алат экенсинда