Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин 4 депутаты тең коронавирустан айыкты

16.07.2020 11:52
939
Жогорку Кеңештин 4 депутаты тең коронавирустан айыкты


Жогорку Кеңештин 4 депутаты тең коронавирус инфекциясынан айыгышты. Буга чейин депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев COVID-19дан сакайып чыгышканын парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. 


"Жакында экөө тең каронавирустан сакайып чыгышты. Экмат Байбакпаев да ооруканадан үйүнө кайтып келиптир. ПЦР-тесттер таза чыкканын айтты", - деген ал.


Ал эми депутаттар Жылдыз Мусабекова менен Бактыбек Турусбеков пневмонияга чалдыккан. Бирок тесттин жыйынтыгында алардан COVID-19 инфекциясы аныкталган эмес.  


Жылдыз Мусабекова төшөктөн тура албай, ооруп жаткандыгын өзү маалымдаган. Ал тез жардам кызматын чакырткан, бирок келген эмес. "Башым ооруп, сай-сөөктөрүм сыздап, өз алдымча басуу кыйын болуп жатат. Дарыгер чакыртсам келбей жатат, өзүм басып барганга шай жок”, - деген депутат. 


Кийинчерээк кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Депутат оору менен күрөшүп, аны жеңгенин айтып, ажалдан куткарып калган ак халатчандарга ыраазычылык билдирген. 


Ал эми депутат Бактыбек Турусбековдун абалы туруктуу экендиги маалымдалган. 


Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдон дагы эки тараптуу пневмония аныкталып, ооруканага түшкөн. Бирок. ал 6-июлга караган түнү каза болуп калган.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн