Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңешке жаңы депутат болгон Сталбек Молдалиевдин өмүр баяны

10.08.2020 14:07
1215
Жогорку Кеңешке жаңы депутат болгон Сталбек Молдалиевдин өмүр баяны


Жогорку Кеңештеги бош калган мандат Сталбек Молдалиевке тапшырылды, ал “Кыргызстан социал демократтар партиясынын” курамында тизмекте турган.


СДПК партиясынын басма сөз кызматы Молдалиев Сталбек Уметкуловичдин резюмесин жарыялады:

 

Туулган жылы: 20-ноябрь 1962-жыл


Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы


Билими:


1986-1991 Кыргыз улуттук университетти, экономика факультети. Адистиги: Өнөр жайды пландаштыруу

1980–1985 Фрунзенин курулуш техникумунун филиалы


Иш тажрыйбасы:


- 2013-2014- жылдары — ЖЧК “Сан-Таш”, Бишкек шаарында жетекчи


- 1991-2020-жылдары — жеке ишкер


- 1989-1991-жылдары —  Ысык-Көл облустук профсоюздар кеңеши, окуутучу


- 1985-1989-жылдары — Миңкуш “Оргтехника” заводу (Кыргыз өндүрүштүк бирикмеси деп өзгөргөн), үйрөнчүк жөндөөчү, 2-разряддагы экструдер оператору


- 1985-жылы -  Балыкчы шаарындагы №22 орто кесиптик окуу жайында мастер


- 1985-1989-жылдары —Совет Армиясынын катарында кызмат өтөгөн.


Белгилей кетсек, Сталбек Молдалиев Жогорку Кеңешке маркум Чыныбай Турсунбековдун ордуна келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн