Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Сотту санариптештирүүдө мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

31.10.2022 15:53
249
Жогорку Сотту санариптештирүүдө мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

 Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


  Маалыматка таянсак,  УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныкталды.


   2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган. 


   Ошону менен бирге, иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган.

 

  Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген.

 

 Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн