Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:23
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Өлкөнүн 3 облусунда аскердик машыгуу уланууда

27.04.2023 09:44
262
Өлкөнүн 3 облусунда аскердик машыгуу уланууда


2023-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары жана аскерлери (күчтөрү) жана башка аскердик түзүмдөр, министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2023» машыгуусу башталды.


Машыгуунун жүрүшүндө резервдик түзүмдөрдү мобилизациялоо боюнча практикалык иш-чараларды аткаруу менен аскердик абал режимин киргизүү шартында абалды турукташтыруу, резервдик роталар менен күжүрмөн ок атууларды уюштуруу, ошондой эле сырттан келген күчтөрдүн жана каражаттардын басып кирүүсүн алдын алуу боюнча биргелешкен атайын операцияны жүргүзүү боюнча маселелер иштелип чыгат. 


Бул машыгууга 26-апрель күнү Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ош облусунун Алай районунда болду. Анда, ички иштер министрлигинин түзүмдөрүнүн машыгууга даярдыктарын текшерип, уюштуруу иштерин жана күжүрмөн даярдыктардын абалы менен таанышып, коопсуздук чаралары боюнча өздүк курамга нускама өткөрдү.


Эскерте кетсек, аталган машыгуу 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн