Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүр бою эркинен ажыратылган жаран кыйноо боюнча арыз менен прокуратурага кайрылган

Өмүр бою эркинен ажыратылган жаран кыйноо боюнча арыз менен прокуратурага кайрылган


Өмүр бою эркинен ажыратылган жана Жаңы-Жердеги колонияда жаткан Кыргызстандын жараны Аскердик прокуратурага 2010-жылдан бери кыйноолор болуп келгени тууралуу арыз менен кайрылган. Бул тууралуу адвокат Камил Рузиев билдирди.


Анын айтымында, абактагы адам март айында гангрена деген шек менен ИК-31 абак ооруканасына которулган. Буга чейин ага кант диабети деген диагноз коюлган.


«Колонияда анын буту кесилген. Учурда анын абалы оор жана Улуттук хирургиялык борбордун кан тамыр нейрохирургия бөлүмүнө кайрадан жаткыруу керек. Бирок Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги уруксат бербей жатат», - деди адвокат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн